Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева жана Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жалал-Абад облустук балдар клиникасына барып, Сузак районундагы автокырсыктан жабыркаган балдардан кабар алды. Бул тууралуу бүгүн, 3-майда Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, министр балдардын абалы менен таанышып, ата-энелерине балдардын тезирээк сакайып кетишине тилектеш экенин билдирди.
Ага ылайык, министрлик учурда медициналык уюмдар жана бардык тиешелүү тараптар менен кызматташып, жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө колдоо көрсөтүү аракетинде.
"Бул окуяга байланыштуу окуучулардын катышуусу менен өтүп жаткан "Урааным Манас" кароо сынагы республика боюнча токтотулду", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле аталган аймакка жогорку окуу жайлардын психолог педагогдору тартылып, балдар жана ата-энелерге жеринде көмөк көрсөтүү үчүн күн-түнү тамак-ашы, жатаканасы менен убактылуу кризистик борбор уюштурулат.