"Абалдары жакшы деп айтыш кыйын". Камчыбек Ташиев Сузактагы кырсык боюнча үн катты

Жандандыруу бөлүмүндө жаткандарга 200 миң сомдон берилет. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди. УКМК башчысы бүгүн, 3-майда Сузак районуна барып, бир күн мурунку кырсыктан жабыркаган окуучулардан кабар алып, жеринде жүрөт.

"Президентибиздин тапшырмасы менен жандандыруу бөлүмүндө жаткан ар бир балага президенттин фондунан 200 миң сомдон бөлүндү. Ал эми жеңил жаракат алгандарга 50 миң сомдон бөлүнүп берилди. Андан сырткары жергиликтүү бийилик тарабынан балдардын тамак-ашы каралып жатат", - деди ал.

Ошондой эле Ташиев Бишкекте дарылануу зарылдыгы жаралса учак менен алып кетүү каралып жатканын айтты.

"Азыр дарыгерлер өзүнчө кеңешме өткөрүшөт. Эгерде Бишкекке алып кете турган жабырлануучулар болсо ата-энелери менен кошо учак менен алып кетебиз. Азыр балдардан кабар алдым, алардын акыбалдарын жакшы деп айтыш өтө кыйын", - дейт атайын кызмат башчысы.

Буга чейин саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева Сузактагы окуяда жабыркаган балдардын абалынан кабар алган.

Эске салсак, кечээ, 2-майда Сузак районунда "Манас" айтуу иш-чарасы учурунда окуучуларды Портер коюп кетип, 32 бала жабыркаган. Hyundai Porter'дин ичинде айдоочусу жок болгону, анын ээси унаасын токтотуп койгон жеринен унаа өзү ордунан жылып кеткени айтылган.

03.05.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан