Нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 3-майда ӨКМден билдиришти.
Маалымдалгандай, 4-6-май күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлүп, нөшөрлүү жаан-чачын жаайт.
Ага ылайык, республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.