Эртең, 4-майга караган түнү Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ысык-Көл өрөөндөрүнүн тоолуу райондорунда жаан-чачын жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарынын тоо этектеринде жаан жаайт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +21…+26,
Талас облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +20…+25,
Баткен облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +22…+27,
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +22…+27,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +17…+22,
Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +17…+22.
Ал эми Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15, күндүз +23…+25 градус жылуу болору болжолдонду.