"Президент жөнөттү". Ташиев Сузактагы кырсыкка күнөөлүүлөр жоопко тартыларын айтты

Сузактагы кырсык иликтенип, күнөөлүүлөр жоопко тартылат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

УКМК башчысы бүгүн, 3-майда Сузак районуна барып, бир күн мурун орун алган каргашалуу окуяда жабыр тарткан окуучулардан кабар алып, жеринде жүрөт.

Анын айтымында, бул окуянын чоо-жайын атайын кызмат, укук коргоо органдары жана прокуратура текшерген.

"Кээ бир ЖМКларда айтылып жаткандай террордук же болбосо кылмыштуу аракеттер боюнча маалыматтар аныкталган жок. Бул жерде кырсык негизинен коопсуздукту сактабагандыктан, шалаакылыктан болгон. Уюштуруу иштеринде өтө көп кемчиликтер кеткен. Ошол жерде балдардын коопсуздугун сактоодо, коопсуздукту камсыз кылууда кемчиликтерди кетиришкен. Себеби коопсуздукту сактоодо майда-барат бардык нерселерди караш керек болчу. Мисалы, ошол эле унааларды элдин арасына чыгарбаш керек болчу, унааларды токтотуучу жайы болушу керек эле", - деди ал.

Ошондой эле Ташиев ишти иликтөөнү өлкө башчы Садыр Жапаров жеке өзүнө тапшырганын белгиледи.

"Коопсуздук маселесин бузган жетекчилер, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, борбордук орган жетекчилери, кимиси болсо дагы биз сөзсүз түрдө иликтеп, жоопко тартабыз. Урматтуу президентибиз мени "бардыгын иликтеп кел" деп жөнөттү", - деди УКМК жетекчиси.

03.05.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан