Сузактагы кырсык: Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен оор абалдагы балдар Бишкекке алынып келинет   

Жалал-Абад облусунда унаа сүзүп кеткен балдар президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча атайын борт менен Бишкекке алынып келинет. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, абалы оор деп бааланып жаткан он бала туугандары менен биргеликте Бишкектеги Шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасында болот.

"Мамлекет башчысы балдарды керектүү дары-дармектер менен камсыз кылууну жана күнү-түнү байкоо жүргүзүүнү тапшырды", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, кечээ, 2-майда Сузак районунда "Манас" айтуу иш-чарасы учурунда окуучуларды Портер коюп кетип, 32 бала жабыркаган. Hyundai Porter'дин ичинде айдоочусу жок болгону, анын ээси унаасын токтотуп койгон жеринен унаа өзү ордунан жылып кеткени айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан