Ошто Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Салахидин Токтобаев каза болду. Шаарда бир гана ардагер калды

Улуу Ата Мекендик согуштун ардактуу ардагери Салахидин Токтобаев 99 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Ош мэриясы кабарлады.

Ардагер бүгүн, 3-майда Ош шаарында акыркы сапарга узатылды. Маркум менен коштошуу зыйнатына Ош шаарынын мэриясынын, шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын, Ош шаардык ардагерлер биримдигинин, Ош аскер гарнизонунун, Орусиянын Ош шаарындагы башкы консулдугунун өкүлдөрү, ардагердин туугандары жана жакындары катышты.
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Салахидин Токтобаев 1925-жылы 10-июнда туулган. Ардагер 18 жаш курагында согушка аттанып, Белорусь фронтунан Германияга чейин барып, 958-батальонунда кызмат өтөгөн. Согуштагы каармандыгы үчүн бир катар орден, медалдар менен сыйланган.
Согуш мезгилиндеги жаракатынан улам 2-топтогу майыптык алган. Согуштан кийинки жылдары Ош пахта заводунда пенсия жашына чейин иштеген. Маркумдун артында 4 кызы, 3 уулу, 28 небереси, 52 чебереси жана 2 кыбырасы калды.
"Ош шаарынын мэриясы ардагердин туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Белгилей кетсек, учурда Ош шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун 1 жана оруктун 5 ардагери жашайт", - деп билдиришти мэриядан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан