"Уккан киши жок". Камчыбек Ташиев "Манас" айтууну өз жолуна коюу керектигин айтты

Мурда "Манасты" бир адам айтып, аны миңдеген адам укчу. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

УКМК башчысы окуучулар массалык түрдө "Манас" айтуу иш-чараларына тартылып жатканын туура эмес деп эсептейт.

"Манасты" мурда бир же эки адам айтып, аны жүздөгөн, миңдеген адам көрөт эле, угат эле. Азыр миңдеген адам айтып жатат, эч ким уккан жок. Ушул маселени дагы өз жолуна коюш керек. Анан дагы райондордо ким көп адам топтойт деген таризде бири-бири менен мелдешип жатышат. Бул жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жана "Манас" айтууну уюштуруп жаткандардын чоң шалаакылыгы деп эсептейм. Бул үчүн жоопкерчилик болуш керек", - деди ал.

Бүгүн, 3-майда Ташиев Сузак районуна барып, бир күн мурунку кырсыктан жабыркаган окуучулардан кабар алып, жеринде жүрөт.

Эске салсак, кечээ, 2-майда Сузак районунда "Манас" айтуу иш-чарасы учурунда окуучуларды Портер коюп кетип, 32 бала жабыркаган. Hyundai Porter'дин ичинде айдоочусу жок болгону, анын ээси унаасын токтотуп койгон жеринен унаа өзү ордунан жылып кеткени айтылган.

03.05.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан