Биз социалдык тармакта

Үч күндө өлкө аймагында терезелерин мыйзамсыз караңгылатып алган 48 айдоочу кармалды  

Үч күндүн ичинде өлкө аймагында терезелерин мыйзамсыз караңгылатып унаа башкарган 48 айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-майда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, башкармалык 30-апрелден тартып 6-майга чейин өлкө аймагында "Тонировка" аталышында рейддик иш-чара жүргүзүүдө.

Максаты - автоунаалардын алдыңкы жана каптал терезелерин мыйзамсыз караңгылатып алган айдоочуларга тийиштүү чара көрүү менен тартипке келтирүү.

Азыркы учурда үч күн аралыгында терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан 48 автоунаа аныкталды. Бардыгы убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулуп, ар бирине 20 миң сомдон айып салынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан