Бүгүн, 3-майда окурман ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө кайрылып, Бишкек-Ош багытындагы аба каттамы кармалып жатканын айткан.
"Учактын бузулганынан улам эки сааттан ашык убакыттан бери учакта отурдук. Эми гана залга кирдик", - деген окурман.
"Манас" эл аралык аэропортунан SUPER.KG порталына маалымдагандай, TezJet авиакомпаниясынын Ош-Бишкек багыты боюнча каттамдары үч саатка кармалууда.
"Кечигүү учактын техникалык себептеринен келип чыккан. Бардык каттамдар үч саатка кармалууда", - деп билдиришти аэропорттун маалымат кызматынан.