Бишкекте уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Биринчи май РИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 14-апрелде милицияга шаар тургуну арыз менен кайрылган. Ал ошол эле күнү саат 17:00 чамасында Абай көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн 7-кабаттынын кире беришинен 45 миң сомдук STERN үлгүсүндөгү велосипеддин уурдатканын айткан.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.
Кылмышка шектүү катары 2003-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
"Тергөөнүн жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан мурда уурдалган велосипед табылган, буюм далил катары алынды", - деп айтылат маалыматта.