Базар-Коргондун эки тургунунун үйүнөн мыйзамсыз курал-жарактар табылды

Базар-Коргон районунда мыйзамсыз курал-жарак сактоого шектүү тургундар аныкталды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга Базар-Коргон районунун тургуну өз үйүндө ок атуучу куралды мыйзамсыз сактап жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн. Алынган маалыматтын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесине (куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) ылайык кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары Кызыл-Үңкүр айылынын 1980-жылы туулган С.Б. аттуу тургуну жана Арстанбап айылынын 1977-жылы туулган М.Ф. атуу тургуну аныкталган. Жалал-Абад шаардык сотунун уруксаты менен алардын жашаган жерине тинтүү жүргүзүлгөн.
Тинтүү жүргүзүүдө шектүү С.Б.нын үйүнөн жана унаасынан сайлуу 5.6 миллиметр ТОЗ-8, 308 калибрлүү Zastava-S, сайсыз 12 калибрдеги МР 155 үлгүсүндөгү ок атуучу куралдар жана жалпы 304 даана ар кайсы калибрдеги ок-дарылар табылган. Ал эми шектүү М.Ф.нын үйүнөн 7,62х54 калибрдеги сайлуу Тигр үлгүсүндөгү ок атуучу курал жана 18 даана ар кандай калибрдеги ок-дарылар табылып алынган. Табылган куралдарга карата тиешелүү экспертизалар дайындалган.
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан