УКМК өлкөдө синтетикалык баңгизаттарды таратуу фактылары көбөйгөнүн маалымдап, ата-энелерге кайрылды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кыргызстанда синтетикалык баңгизаттарды таратуу фактылары көбөйгөнүн маалымдайт. Азыркы учурда комитет бүткүл өлкө боюнча баңгизаттарды өндүрүүчүлөрдү жана таратуучуларды жок кылуу боюнча активдүү иш алып барып жатканын билдирди.

"Заманбап синтетикалык дары - бул ар бир адам үчүн эң коркунучтуу "капкан". Өзгөчө 25 жашка чейинки өспүрүмдөр жана жаштар арасында тобокелдик көбүрөөк болуп саналат.

Андыктан ата-энелерге балдарынын кызыкчылыктарын көзөмөлдөөгө, алар менен профилактикалык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө, ошондой эле синтетикалык баңгизаттарды колдонуунун коркунучтуу кесепеттери жөнүндө көбүрөөк маалымат берип туруу сунушталат.

УКМК шаар тургундарын баңгизаттарды жана психотроптук заттарды таратууга байланышкан бардык белгилүү фактылар боюнча 0312 66-04-75 ишеним номурлары аркылуу билдирүүгө чакырат", - деп айтылат маалыматта.

УКМК
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан