Бүгүн, 9-май – Улуу Жеңиштин 79 жылдыгы белгиленүүдө.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты кыргыз элин Улуу Жеңиш күнү менен куттуктайт! Мекен үчүн өмүрүн арнап, келечек үчүн күрөшүп согушта курман болгондордун элесине таазим этебиз. Жалпы согуш ардагерлерине, жеңишке салым кошкондорго ыраазычылык билдиребиз!
Сиздерге чың ден соолук, бейпил турмуш, бакубатчылык жана узак өмүр каалайбыз. Мекенибизде тынчтык болуп, өлкөбүз гүлдөп, өнүксүн.