Мигранттарды кайтаруу үчүн кандай чаралар көрүлүүдө? Эмгек министрлигинин маалыматы

Быйыл "социалдык контракт" программасынын алкагында 23 миң жумушчу орун түзүлөт. Программанын катышуучуларынын ишкердик демилгелери мамлекеттик бюджеттен каржыланат. Мындай маалыматты Эмгек министрлиги таратты.
Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тарабынан жыл сайын 250 миңге чейин жумуш орундарын түзүү милдети коюлган.
"Анын алкагында эмгек акынын деңгээли көтөрүлүүдө, квалификациялуу адистерге жана жумушчу күчүнө муктаж болгон тигүү тармагы, курулуш, туризм жана экономиканын башка багыттары активдүү өнүгүүдө. Ушуга байланыштуу Эмгек министрлиги тарабынан жумушсуз жаштарды, аялдарды, жакыр жана аз камсыз болгон жарандарды иш менен камсыз кылуунун жана ишке орноштуруунун жаңы активдүү чаралары киргизилүүдө.
Кесиптик окутуу, кайра окутуу жана квалификациясын жогорулатуу мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилүүдө", - деп жазылат маалыматта.
Бүгүнкү күндө министрлик 127 кесип боюнча билим алууга, кайра окутууга жана квалификациясын жогорулатууга мүмкүнчүлүк берерин кошумчалаган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан