Бүгүн, 9-майга караган түнү Мадрид шаарында Чемпиондор Лигасынын экинчи жарым финалдык беттеши болуп өттү.
Анда "Реал Мадрид" менен Германиянын "Бавария" клубу кез келип, мадриддик клуб 2:1 эсебинде жеңип алды.
Алгачкы голду 68-мүнөттө айып аянтчадан оң бурчка сокку узаткан мюнхендиктердин коргоочусу Альфонсо Дэвис киргизди.
88-мүнөттө германиялык дарбазачы Мануэль Нойер одоно ката кетирип, аны алмашууга чыккан "Реалдын" чабуулчусу Хоселу голго айлантты. Эсеп 1:1. Ал эми беттешке кошумча убакытта, тагыраагы, 91-мүнөттө Хоселу дубль жаратты. Ал коргоочу Рюдигердин чыгарып берүүсүн дарбазага таамай багыттай алды.
Жыйынтыгында эсеп 2:1 болуп, "Реал Мадрид" эки беттештин жыйынтыгы менен (4:3) финалга жолдомо алды.
Финалда "Реал Мадрид" Германиянын "Боруссия Дортмунд" футболдук клубу менен кез келет. Финалдык оюн 1-июнда Лондон шаарында өтөт.