"Баштапкы баа 8 миллиард 731 миллион". "Аккула" ат майданы аукционго качан коюлары белгилүү болду

Бишкекте жайгашкан "Аккула" ат майданы 16-май күнү саат 10:00дө аукционго коюлат. Бул тууралуу калаа мэриясы кабарлады.

Маалым болгондой, тиешелүү чечимди муниципалдык менчикти менчиктештирүү жол-жоболорун ишке ашыруу боюнча комиссия кабыл алган. Ат майдандын баштапкы баасы 8 миллиард 731 миллион 917 миң сомго бааланууда.

"Ш.Термечиков 1 дарегинде жайгашкан ипподромдун жер тилкесинин аянты 45,736 гектарды, турак эмес жайларынын аянты 1818,5 чарчы метрди түзөт", - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин калаа башкармалыгы "Аккула" ат майданынын жер тилкеси аукционго коюларын билдирген.

Аукцион үчүн тиркеме: https://auctionetp.gov.kg/msu.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан