Кечээ, 21-декабрда германиялык “Бавария” футболдук клубу Мароккодо өткөн клубдар аралык Дүйнө чемпиондугун утуп алды. Бул тууралуу ФИФАнын расмий сайты билдирет.
Маалыматка ылайык, финалдык беттеште ал марокколук “Ража” клубу менен кез келип, 2:0 эсебинде утуп алды. Голдорду Бонфим Данте менен Тиагу Алькантара өз эсептерине жаздырышты.
Мелдеште 3-орунду бразилиялык “Атлетико Минейру” футболдук клубу камсыздады.