Таластагы согуштун жалгыз ардагери майрамга бир күн жетпей каза болду

Талас облусунда калган жалгыз Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Араке Арстанбеков кечээ, 8-майда каза болду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастанбек Жумабеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Маалыматка ылайык, Бакыян айылынын тургуну, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Араке Арстанбеков 98 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Ал 1926-жылы Киров районунун Бакыян айылында туулган. Аскерге 1943-жылы күз аяктап баратканда 17 жаш курагында чакырылган. Алматыда үч айлык согуштук машыгуудан өтүп, 1944-жылы январь айында СССРдин төрт жолку баатыры Георгий Константинович Жуков командачылык кылган Биринчи Белорусь фронтунун курамында согушка кирген.

Согуш мезгилинде "Багратион" уникалдуу аскердик операциясына катышкан. Согуш учурунда жолдоштору менен Белоруссияны, Польшаны жана Бобруйск, Минск жана башка Белоруссиянын ири шаарларын фашистик баскынчылардан бошотууда өзүнүн баатырдыгын көргөзгөн.

Ардагер жеӊиштен кийин өзү кызмат өтөгөн аскердик бөлүк Беларустун аймагында жайгаштырылып, ал жерде 1950-жылга чейин кызмат өтөгөн.

"Берлинди алгандыгы үчүн", "Каармандыгы үчүн" жана башка юбилейлик медалдар менен сыйланган.

Согуштан кайтып келген соӊ Талас шаарындагы кийим тигүү фабрикасында, андан кийин Бейшеке колхозунда эмгектенип, пенсияга чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан