Бишкекте көрктөндүрүү эрежесин бузгандарга 300 миңден ашык сомго айып пул салынды

Муниципалдык инспекциянын Ленин району боюнча инспекторлору Л.Толстой, Д.Садырбаев жана Токтогул көчөлөрүндө рейд жүргүзүштү. Бул тууралуу бүгүн, 9-майда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалымдалгандай, рейддин жүрүшүндө 60тан ашык чарба субъекти текшерилди. Көрктөндүрүүнүн эрежесин бузгандарга карата 29 протокол жазылып, 308 миң сомго айып пул салынды.

"Анда чарба субъектилердин ээлерине жана ижарачыларына жанаша аймагын таза кармоо, тышкы көрүнүшүнүн көркөм-эстетикалык абалын жакшыртуу, айланасын көрктөндүрүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жазма буйруктар берилди", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан