Жиу-житсу боюнча Азия чемпиондугунда кыргыз спортчулары 7 медаль тагынды

Жаштар арасындагы жиу-житсу боюнча Азия чемпиондугунда кыргыз спортчулары байгелүү орундарга ээ болушту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.

Билдиргендей, өлкөнүн жаштар жана кадеттер арасындагы курама командасы Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында өткөн турнирде 7 коло медалга ээ болушкан.


Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

  • Султан Русланбеков (U-18, 69 килограмм);
  • Салим Хунлов (U-18, 77 килограмм);
  • Янар Сарыбаев (U-18, 85килограмм);
  • Имран Магомедов (U-21, 85 килограмм);
  • Нурсултан Куштарбек уулу (чоңдор жана жаштар арасында 2 коло медаль жеңди, 62килограмм);
  • Жангазы Курманбеков (U-21, 94 килограмм).

Ошондой эле аталган департамент Азия чемпиондугу 3-майда башталып, 8-майда жыйынтыкталганын, мелдешке 30га жакын өлкөнүн спортчулары катышканын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан