Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Баткен шаарында жайгашкан 2022 аскер бөлүгүнүн курамын Улуу Жеңиш майрамы менен куттуктап, алар үчүн курулган футболдук аянтчанын ачылуу аземине катышты. Бул тууралуу бүгүн, 9-майда облустук өкүлчүлүктөн билдиришти.
Маалымдалгандай, облус башчысы алгач аймактын коопсуздугун камсыздоодогу күжүрмөн эмгектери үчүн мекен сакчыларына ыраазычылыгын билдирип, мекен сакчыларына сергек жана бакубат жашоо каалады.
Ага ылайык, майрамдын урматына жаңы аянтчада аскер кызматкерлеринин арасында футболдук мелдеш уюштурулду.
Белгилей кетсек, биринчилик үчүн 12 команда мелдешүүдө.