Бишкектин Свердлов районунда жыл башынан бери башаламан соода кылгандарга карата 58 жолу рейд уюштурулду. Бул тууралуу бүгүн, 9-майда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, стихиялуу соода кылгандар төмөнкү даректерде жайгашкан:
- Шопоков көчөсүндөгү ЦУМ «Айчүрөк» айланасы;
- «Ак-Эмир» кичи базары;
- Курманжан датка көчөсү менен Жибек Жолу проспектисинин кесилиши (Аламүдүн базары);
- 7 Апрель көчөсү (жер үстүндөгү көпүрө, "Мадина" базары);
- Аламүдүн-1 кичирайону Ауэзов көчөсү.
"Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында жоюлган пункттардын жалпы саны 131 бирдикти түздү, 43төн ашык жарнама конструкциялары жана 180ден ашык ар кандай ээси жок объектилер – отургучтар, столдор, тартмалар, шкафтар, кол чатырлар алынды", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, жыл башынан бери башаламан соода уюштургандарга жалпы 213 миң сомго айып пул салынып, жалпы 71 протокол түзүлдү.