Ошто Улуу Жеңиштин 79 жылдыгы салтанаттуу белгиленди

Бүгүн, 9-май күнү борбордук аянтта Улуу Жеңиштин 79 жылдыгы салтанаттуу белгиленди. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.

Маалымдалгандай, майрамдык иш-чарага Ош мэри Бакытбек Жетигенов жетектеген жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев, Короо министринин орун басары Алмазбек Карасартов, Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков, Орусиянын Ош шаарындагы башкы консулу, мекеме-ишканалардын жетекчилери, Улуу Ата Мекендик согуштун, ооруктун ардагерлери, күч түзөмдөрүнүн кызматкерлери жана шаар тургундары катышты.

Ага ылайык, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондор эскерилип, “Өчпөс от" мемориалдык комплексине гүлчамбарлар коюлду.

"Ошондой эле борбордук аянтта Ош шаардык маданият башкармалыгы тарабынан даярдалган, чыгармачыл топтордун, эстрада ырчыларынын, көркөм чыгармачылык жааматтарынын катышуусунда театралдык, маданий концерттик программа тартууланды.

Иш-чаранын алкагында Т.Сатылганов атындагы эс алуу багында ардагерлер үчүн "Аскердик талаа ашканасы" уюштурулуп, сый-тамак тартууланды",-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Улуу Ата Мекендик согушка Ош шаарынан 14 миң 621 адам чакырылган. Анын ичинен 3 миң 118 жоокер курман болуп, 401 жоокер дайынсыз жоголгон. Бүгүнкү күндө Ош шаарында согуштан аман кайткан Улуу Ата Мекендик согуштун 1, ооруктун 5 ардагери жашайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан