Караколдо алдамчылыкка шектелген жаран Оштон кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, былтыр май айында милицияга 1999-жылы туулган жаран арыз менен кайрылган. Анын айтымында, ошол эле айда өзүн Абдуллох деп тааныштырган адам 13 даана iPhone 14 Pro Max үлгүсүндөгү телдефондорду сатып алам деген убадасы менен курьер аркылуу салдыртып, колуна алган соң акчасын которбостон изин жашырып кеткен. Мындан улам жабырлануучу 15 миң доллар зыян тарткан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.
Милиция кызматкерлери кылмышты жасаган шектүү Кара-Суу районунун Падаван айылынын 27 жаштагы тургуну экенин аныктаган. Ал Ош шаарынын аймагынан кармалып, Караколго алынып келинген.
Облустук милиция шектүү суракта өз күнөөсүн толугу менен моюнуна алганын, учурда тергөө амалдары уланып жатканын кошумчалады.