Ат-Башы районунда кечээ, 10-майда болгон катуу шамалдын кесепетинен 5 адам жабыркады. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдирди.
Маалыматка ылайык, Терек-Суу айылында 2 кичинекей бала, Ача-Кайыңды айылынын 1 тургуну, Большевик айылынын 1 тургуну, Ак-Жар айылынын 1 тургуну райондук ооруканага жаткырылды.
Нарын облусунун башчысынын орун басары Шабдан Абдырайым уулу Ат-Башы райондук ооруканасындагы жабыр тарткан жарандардан кабар алып, 2 жаш балага материалдык колдоо көрсөттү.
Учурда 1 жаш 6 айлык бала жандандыруу бөлүмүнө, ал эми эжеси 8-класста окуган кыз хирургия бөлүмүнө жеткирилген. Наристенин абалы оор, ал эми эжесиники орто деп бааланууда.
Ошондой эле катуу шамалдын кесепетинен Ача-Кайыңды айылынын тургуну турак үйдүн чатырын оңдойм деп кулап түшкөн. Учурда бейтап Ат-Башы райондук ооруканасынын хирургия бөлүмүндө, абалы оор. Азыркы тапта тиешелүү медициналык жардамдар көрсөтүлүп жатат.
Кошумчалай кетсек, катуу шамалдан улам, Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын имараты баштаган 6 социалдык мекеменин жана 36 менчик үйдүн чатырлары кыйраган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кайрылуулар түшкөн аймактарда тактоо иштерин жүргүзүп жатканын кабарлады.