Михаил Мишустин Орусиянын премьер-министри болуп дайындалды

Орусиянын президенти Владимир Путин премьер-министрликке Михаил Мишустинди дайындады. Бул тууралуу орус басылмалары жазды.
Маалыматка караганда, 10-майда мамлекет башчысы Мишустиндин талапкерлигин Мамлекеттик Думанын кароосуна киргизген. Парламенттин төмөнкү палатасы жалпы жыйынында Мишустинди премьер-министрликке бекитүү боюнча токтомдун долбоорун кабыл алып, токтомду өлкө президентине жөнөткөн.
Эми министрлер кабинетинин жаңы төрагасы Путинге бир жуманын ичинде аткаруу бийлигинин түзүмү боюнча сунуштарды, ал эми эки жуманын ичинде вице-премьерликке жана министрлерге талапкерлерди Мамлекеттик Думанын бекитүүсүнө (күч структураларынын башчылары жана ТИМди кошпогондо) бериши керек.
Парламенттин төмөнкү палатасы чечимди бир жумадан кечиктирбестен кабыл алат. Ведомствонун спикери Вячеслав Володин 13-майда депутаттар вице-премьер-министрликке, 14-майда министрликке талапкерлер караларын белгиледи. Андан тышкары бардык дайындоолор президент тарабынан бекитилиши керектигин кошумчалады.
Орусиянын Коргоо министрлигинин, ФСБнын, Ички иштер министрлигинин, Юстиция министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Тышкы иштер министрлигинин жетекчилерин Федерация Кеңеши менен кеңешкенден кийин мамлекет башчысы өзү дайындайт. Парламенттин жогорку палатасынын эл аралык комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Владимир Жабаров бул маселе боюнча консультациялар 13-майда башталарын билдирди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан