Бүгүн, 11-майда Түп районуна караштуу Кең-Суу айылында "Ысык-Көл - ынтымак" спорт оюндарынын ачылышы болду.
Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, турнир президент Садыр Жапаровдун 2024-2034-жылдар аралыгында футболду өнүктүрүү боюнча жарлыгына ылайык, Түп райондук мамлекеттик администрациясы жана Каркыра айыл аймагы, ошондой эле депутат Акылбек Түмөнбаевдин колдоосу менен уюштурулган.
Мелдештин байге фонду 1 миллион сом. Анда кыз-келиндер арасында волейбол, жигиттер арасында футбол боюнча оюндар 11-12-май күндөрү өтүп, жеңүүчүлөргө кубок жана акчалай сыйлыктар тапшырылат.