"Төө-Ашууда кар жаап жатат". ЖКККБ айдоочуларга эскертүү берди
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы айдоочуларга жолдо жүрүүдө сак болууну эскертет.
Маалыматка караганда, аба ырайы кескин өзгөрүп кеткендигине байланыштуу Төө-Ашууда туман болуп, кар жаап жатат.
"Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБнын өздүк курамы Бишкек-Ош унаа жолунда кызмат өтөөдө. Айдоочуларды Бишкек-Ош унаа жолунда жүрүүдө бардык коопсуздук жол эрежелерин так сактоого чакырабыз", - деп айтылат билдирүүдө.