"Манас" аэропортунда ири суммадагы акча уурдалган. Милиция чет элдик жигитти кармады

"Манас" эл аралык аэропортунда ири суммадагы акча уурдоого шектелип чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Милициянын маалыматына ылайык, 2-май күнү милицияга Д.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызында ал ошол эле күнү түнкү саат 03:00 чамасында "Манас" аэропортунан белгисиз адамдар чөнтөгүндөгү 6500 доллар жана 3000 сомун жашыруун түрдө уурдап кеткендигин билдирген.

Аталган факты Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.

"Манас" аэропортунда жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында бул кылмышка шектүү катары чет мамлекеттин жараны, 1996-жылы туулган М.А. кармалган. Ал акчаны уктоочу бөлмөсүнө катып койгон.

Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан