
Нарын шаарындагы Нарын дарыясынан 4 жашар кыз изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Билдирүүгө ылайык, алдын ала маалымат боюнча Интернат аймагында Г.Э. аттуу аял киши эс алып жүрүп, 4 жаштагы кызын Нарын дарыясынын жээгинен жоготуп алгандыгын айтып, кайрылган.
Жерине издөө иштерин жүргүзүүгө Нарын шаардык башкармалыгынан жалпы 30 куткаруучу 2 дрон менен тартылган.
Мындан сырткары ИИМден 25 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 30 адам издөө ишине чыгышкан.
Кошумча маалымат берилет.