
Бүгүн, 12-майда интернет булактарда бир эркек адамдын аял кишиге карата зомбулук көрсөтүп жаткан видеосу тараган. Видеодо окуя Ош шаарында болгондугу айтылган.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгы бул окуя Ош шаарындагы "Арча" сулуулук салонунун алдында 10-майдан 11-майга караган түнү саат 02:00 чамаларында (эл оозунда "Фрунзенское базары" деп айтылган аймак) болгондугун тактады.
"Бул видеодогу окуя боюнча мурда эч ким арыз менен Ош ШИИБине кайрылган эмес. Бирок жарыяланган видео "үй-бүлөлүк зомбулук" катары катталып, тергөө иштерин Ош ШИИБинин жетекчилиги көзөмөлгө алды", - деп билдиришти шаардык милициядан.
Жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында бул окуяга тиешеси бар адамдардын өздүктөрү аныкталган.
"Бүгүн, 12-май саат 16:00 чамаларында кызга карата зомбулук көрсөткөн 2001-жылы туулган эркек киши кармалды. Алгачкы тергөөнүн маалыматына караганда, жаңжал кызганычтан чыккан. Окуя боюнча кошумча маалымат берилет", - деп билдиришти шаардык милициядан.