Бишкекте көмүскө сойкукана уюштурууга шектелип 30 жаштагы жаран кармалды

Бишкекте интим кызматын көрсөтүү үчүн көмүскө жай уюштурууга шектелип, 30 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу Биринчи май РИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 10-майда милицияга "Вип Бишкек" аталышындагы сайтта Т. аттуу жаран (кыз) интим кызмат көрсөткөн кыздарды жарнамалап жатканы тууралуу маалымат түшкөн.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси (сойкулукка жана бузукулукка көмөктөшүү) боюнча кылмыш иши козголгон.
"Тергөөнүн жыйынтыгында Т. аттуу кыз Бишкек шаарынын аймагында сойкулук менен алектенүү үчүн көмүскө жай уюштуруп, үстүбүздөгү жылдын 30-апрелинен тартып ушул күнгө чейин кыздарды иштетип келгени аныкталган. Ал иштеткен кыздардын кызматы үчүн алган акчасынын бир бөлүгүн алып турган", - деп айтылат маалыматта.
Шектүү катары 1994-жылы туулган Ж.к.Т. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Милиция учурда тергөө иштери уланып жатканын кошумчалады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан