Ноокатта бала сүзүп алып качып кеткен 15 жашар өспүрүм кармалды

Ноокатта унаа менен 12 жаштагы баланы сүзүп алып качып кеткен 15 жаштагы өспүрүм кармалды. Бул тууралуу Ош облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 12-майда саат 17:45 чамасында Тескей-Кожоке айылында кармалган өспүрүм аталган айылдын 2012-жылы туулган тургунун жолдун четинде велосипед тээп бара жатканда сүзүп алып, качып кеткен. Өспүрүм алган жараатынан улам Ноокат райондук ооруканасына жеткирилген.
"Шектүү катары Жар-Коргон айылынын 2009-жылы туулган К.К.Т. аттуу тургуну Опель Вектра үлгүсүндөгү унааны айдап бара жаткан учурда кармалды. Ошондой эле ал агасынын унаасын айдап жүргөнү аныкталды", - деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан