Эл аралык издөөдө жүргөн эл аралык террордук уюмдун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда УКМКдан билдиришти.
Маалымдалгандай, 4-майда чет мамлекеттин аймагында согуш аракеттерине катышкандыгы, террористтик жана экстремисттик даярдыктан өткөндүгү, улуттук этностор аралык, рассалык, диний жана регион аралык кастыкты козгогондугу үчүн 1966-жылы туулган Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну Б.З. аттуу жаран Түркиянын аймагында кармалды.
"Аталган жаран 2015-жылдын ноябрында Сирияда "Жабхат-Ан-Нусра" эл аралык террористтик уюму тарабынан куралдуу жаңжалга катышкан", - деп айтылат маалыматта.
Ага ылайык, кармалган жаран соттун чечими менен УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.