Нарын дарыясына түшүп кеткен 6 жашар баланын сөөгү табылды

Жалал-Абадда Нарын дарыясынын жээгинен 6 жашар баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, ӨКМге Шамалды-Сай шаарынын "Титаник" эс алуу жайына жакын өткөн Нарын дарыясынын жээгинде болжол менен 7-8 жаштагы баланын сөөгү жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине дароо 2 суучул 1 кайык тартылган.
"Издөө иштеринин натыйжасында 11-май күнү саат 13:15 чамасында 2018-жылы туулган Н.Н. атуу баланын сөөгү табылып, туугандары менен биргеликте ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 23-апрель күнү Таш-Көмүр шаарына караштуу Акшар айылынан өткөн Нарын дарыясына 2018-жылы туулган бала түшүп кеткендиги кабарланган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан