Кечээ, 12-майда Кыргызстанга Кувейт мамлекетинен медициналык бригада келди. Бул боюнча Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Ага ылайык, конокторду министр Алымкадыр Бейшеналиев кабыл алды.
Топтун курамында 18 дарыгер жана 10 орто медициналык кызматкер бар. Бригаданы профессор Хишан жетектейт.
"13-майдан 16-майга чейин 4 күн аралыгында көрүү органдарынын, бет-жаак түзүлүшүнүн, табарсык-жыныс системасынын патологиясы бар балдарга операция жасашат. Медициналык бригада өздөрүнүн жабдуулары жана медициналык буюмдарын ала келген", - деп жазылат маалыматта.
Министрлик операциялар бекер жасаларын кошумчалады.