Токтогулда мечиттен телефондорду уурдап кеткен Чүйдүн 16 жана 20 жаштагы тургундары кармалды

Токтогулда мечиттерде уурулук жасаган шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда Жалал-Абад облустук милициясынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 26-апрелде милицияга Токтогул шаарынын 44 жаштагы эки тургуну арыз менен кайрылып, болжол менен саат 13:30 чамасында мечиттердин биринде намаз окуп жаткан учурда бирөө жерде турган курткасынын чөнтөгүнөн баасы 25 миӊ сомдук телефонун жана 4000 сом акчасын, ал эми экинчиси терезеде турган Редми 13С үлгүсүндөгү 11 миң сомдук телефонун уурдатып ийгендерин билдиришкен. Натыйжада арыз ээлерине жалпы 40 миӊ сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилген.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын 2003-жылы туулган тургуну Т. уулу К. жана анын шериги Чүй облусунун 16 жаштагы тургуну Т.Д. кармалып, Токтогул РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

11-майда шектүүлөрдүн баш коргоо чарасы Токтогул райондук сотунда каралып, 2 айлык мөөнөткө камакка алынган.

Учурда бул шектүүлөрдүн башка кылмыштарга катыштыгы бар же жоктугу боюнча текшерүүлөр жүргүзүлүп, тергөө амалдары улантылып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан