Өлкөдө бир апта ичинде 22 миң жол эрежесин бузуу катталды

Өлкө аймагында бир жума ичинде 22 миң 23 жол эрежелерин бузуу фактылары катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Билдиргендей, мындай көрсөткүч 6-майдан 12-майга чейинки аралыкта катталган.

Жол эрежесин бузуу фактылары:

- тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу - 313;

- мас абалында авто транспорт каражатын башкаруу - 319;

- авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу - 74;

- жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар - 780;

- транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу - 3 миң 418;

- авто ээнбаштык - 8;

- белгиленген ылдамдыктан ашуу - 4 миң 457;

- жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу - 1;

- башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 12 миң 653;

Ошондой эле ЖКККББ ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1683 унаа айып короого токтотулганын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан