11-майда массаж салонуна жамынып, интимдик кызмат көрсөтүүчү сойкукана уюштурган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда Улуттук коопсуздук кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, массаж жасоочу жайда сегиз кыз интимдик кызмат көрсөтүп жүргөндүгү аныкталды.
“Учурда бул кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тиешелүү ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, ушул сыяктуу дагы башка фактылар аныкталууда ", - деп айтылат маалыматта.
Ага ылайык, интимдик жайларды уюштургандар үчүн кылмыш жоопкерчилиги, ошондой эле сойкулукка тартуу жана аны менен алектенүү үчүн административдик жоопкерчилик каралган.