Трансулуттук кибер кылмыштуу топтун уюштуруучулары кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда Улуттук коопсуздук кызматы билдирди.
Билдиргендей, атайын кызмат заманбап маалыматтык технологияларды колдонуу аркылуу жарандардын электрондук капчыгындагы акчаларды алып чыгуу схемасын аныктаган.
"Тактап айтканда, трансулуттук кылмыштуу топ социалдык түйүндөрдө мобилдик тиркемелер аркылуу зыяндуу вирустук программаларды таратышкан. Ал эми аларды активдештиргенден колдонуучулар электрондук капчыктарындагы акчаларын жоготуп алышкан", - деп айтылат маалыматта.
Бул кылмыш ишине шектүү катары 2 чет элдик жаран жана алардын шериги делген 2 кыргыз жараны кармалды.
УКМК Биринчи май райондук сотунун чечими менен кармалгандар тергөө аяктаганга чейин камакка алынып, тергөө иштери жүрүп жатканын кошумчалады.