Кечээ, 22-декабрда Чүй облусунун Сокулук районунда тоок фабрикасы өрттөнүп, 10 миң тоок күйүп кетти. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү Нурлан Ташманбетов бүгүн, 23-декабрда билдирди.
Анын айтымында, өрт электр жабдууларын туура эмес пайдалануудан улам келип чыккан. Аны өчүрүүгө 4 өрт өчүрүүчү унаа катышкан. Ошондой эле тилсиз жоонун кесепетинен тоок фабрикасынын 900 чарчы метр шыбы күйгөн.