
Бүгүн, 13-майда өлкөнүн түштүгүндө күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, саат 12:44тө күчү 4 баллга жеткен жер титирөөнүн очогу Өзбекстан менен Кыргызстандын чектешкен аймагында катталган.
Жер силкинүү өлкөнүн Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Жерге-Тал, Кызыл-Капчыгай айылдарында 4 баллга, Боспиек, Кулук-Дөбө, Мукур айылдарында 3,5 баллга чейин сезилген.
ӨКМ жабыркагандар жана кыйроолор катталбаганын кошумчалады.