Баткен облусунда чек арачылар 14 миллион 660 миң сомдук аткезчилик жүктөрдү кармашты. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда Чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 11-майда Лейлек чек арачылары 9 баш бука жүктөлгөн Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Текшерүүдө жалпы баасы болжол менен 1 миллион 60 миң сомду түзгөн ири мүйүздүү жандыктардын тийиштүү документтери болбогону аныкталган.
Ал эми кечээ, 12-майда Лейлек районунун Достук айылында чек арачылар УКМКнын кызматкерлери менен биргеликте Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унааны кармашкан. Текшерүүдө унаанын алдыңкы отургучтарынан телефондор табылган.
"Жүк ташуучунун жанында товарды алып өтүүгө уруксат берүүчү документтер болгон эмес. TECNO SPARK үлгүсүндөгү 1361 даана телефондор 13 миллион 600 миң сомго бааланган", - деп айтылат маалыматта.
Ага ылайык, тиешелүү документтер толтурулгандан соң бардык кармалгандар жана аткезчилик жүктөр териштирүү иштери жүргүзүлүшү үчүн компетенттүү органдарга өткөрүлүп берилди.