Ош облусунда "Йакын инкар" диний-экстремисттик агымынын активдүү мүчөлөрү текшерүүгө алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук кызматы билдирди.
Билдиргендей, атайын кызмат 7-май күнү Ош ОИИБинин кызматкерлери менен биргеликте "Йакын инкар" диний-экстремисттик агымынын активдүү мүчөлөрү жашаган 7 турак жайды тинтүүгө алган. Тинтүүдө 95 китеп, 12 дептер, 18 журнал, 1 күндөлүк, 1 уюлдук телефон табылган.
"Алынган материалдардын айрымдары өлкө аймагында тыюу салынган "Йакын инкар" диний-экстремисттик агымына таандык. Мындан улам аталган предметтер тиешелүү экспертизага жөнөтүлүп, анын жыйынтыгына карата Кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык укуктук чаралар көрүлөт", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле УКМК аталган кыймылдын мүчөлөрүнүн бири А.Ш.Д. уюмга мүчө болуудан өз ыктыяры менен баш тартканын кошумчалады.