Кечээ, 22-декабрда Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда грек-рим күрөшү боюнча КРнын Эмгек сиңирген машыктыруучусу Владимир Боголеповдун жаркын элесине арналган Кыргызстандын кубогу аяктады. Бул тууралуу аталган спорт түрү боюнча федерациядан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, мелдешке Бишкектен жана өлкө аймактарынан 150 балбан 8 салмак категориясы боюнча күч сынашышты.
Кубок ээлеринин тизмеси:
59 килограмм салмакта - Калыбек Жолчубеков (Олимпиадага даярдоо борбору)
66 кг – Руслан Царев (Олимпиадага даярдоо борбору)
71 кг – Кайрат Түгөлбаев (Жалал-Абад облусу)
75 кг – Самат Шырдаков (Олимпиадага даярдоо борбору)
80 кг – Бекзат Малаканов (Олимпиадага даярдоо борбору)
85 кг – Азат Бейшебеков (Олимпиадага даярдоо борбору)
98 кг – Бексултан Махмудов (Ош облусу)
130 кг – Мурат Рамонов – (Олимпиадага даярдоо борбору)