Бишкектин тургунуна тапанча такап, телефонун тартып алууга шектелген жаран кармалды

Бишкекте каракчылык фактысына шектелип издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда шаардык милициядан билдирди.

Маалыматка ылайык, 14-ноябрда Свердлов РИИБине калаа тургуну белгисиз жарандарга карата чара көрүү арызы менен кайрылган. Жабырлануучу алар үйүнө кирип, тапанча менен коркутуп, уюлдук телефондорун тартып алып, из жашырып кетишкенин айткан.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесине (Каракчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.

Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2020-жылы ушул өңдүү кылмыш жасоого шектелген 3 шерик дароо кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда өзүнчө козголгон кылмыш ишинин алкагында, башкы уюштуруучу 1990-жылы туулган К.Т. аттуу жаран тергөө абагына камакка алынды.

Кылмыш ишин иликтөө уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан