Жалал-Абадда коңшу өлкөдөн жасалма акча алып өтүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 10-майда милиция кызматкерлери Аксы районунун 1967-жылы туулган К.К. аттуу тургуну Өзбекстандан баңгизаттарды жана жасалма акчаларды аткезчилик жол аркылуу ташуу менен алектенип жүргөндүгү тууралуу маалымат алышкан.
"10-майда саат 13:30 чамасында К.К.ны токтотуп текшерүүгө алган учурда, анын жанынан коңшу өлкөдөн аткезчилик жол менен алып келе жаткан 20 даана 100 долларлык купюра табылган. Жалпысынан 2 миң жасалма доллар аныкталган. Андыктан аталган окуя каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Учурда шектүүнүн кылмыштуу аракеттерине катыштыгы бар болгон башка жарандарды аныктоо иштери жүргүлүзүүдө.