Ошто абакта жаткан адамдын үйүнөн курал-жарак табылды

Ошто абакта жаткан адамдын үйүн тинтүү учурунда курал-жарак табылды. Бул тууралуу шаардык милиция билдирди.
Маалыматка караганда, Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) жана 332-беренеси (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) боюнча абакта отурган Ош шаарынын 1980-жылы туулган Н.Д. аттуу тургунунун үйүндө ок атуучу куралдар жана жарылгыч заттар бар экендиги тууралуу ыкчам маалыматтар алынган.
Милиция бул маалыматтарды текшерүү максатында соттолуучу Н.Д.нын жашаган үйүнө тинтүү жүргүзгөн. Натыйжада үйдүн короосунан 70 даана түрдүү калибрдеги октор, ТОЗ-8 үлүсүндөгү сайлуу мылтык, 1 даана сайсыз кыскартылган мылтык, 1 даана РГД үлгүсүндөгү кол гранатасы жана тыюу салынган террордук топтун кара желеги табылган.
"Соттолуучу Н.Д. Ош шаарынын жана Ош облусунун аймагындагы куралдуу каракчылыкка шектүү катары кармалышкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү болгон", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле милиция анын короосунан табылган куралдар боюнча тергөө иштери башталганын кошумчалады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан