Үстүбүздөгү жылдын 21-декабрь күнү саат 16:24төр чамасында Бишкек шаарында жол кырсыгы катталды. Анда Хонда Степвагон унаасы менен Шкода үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн. Анын кесепетинен 3 адам жабыркап, 1 адам каза болгон. ӨКМнын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары жабыркагандарды унаадан чыгарып, медицина кызматкерлерине өткөзүп беришкен.